Шырдак
Эки түстүү, 1×1,5 метрден 3×4 метрге чейин. Буйрутма менен 3–6 жума.
Бишкек · 2011-жылдан бери
Шырдак, ала кийиз жана күндөлүк майда буюмдар. Жүндү Нарын менен Ысык-Көлдүн чарбаларынан алабыз, боёгун өзүбүз даярдайбыз.
Буюмдарды көрүүУстакананы апабыз Гүлнара ачкан. Азыр бул жерде үч муун чогуу иштейт: бирөөбүз жүн тарайбыз, бирөөбүз оюм чийебиз, калганыбыз тигебиз.
Ар бир шырдак колго тигилет. Оюмдары эски үлгүлөрдөн: кочкор мүйүз, ит куйрук, тумар. Бир чоң шырдакка орто эсеп менен бир ай кетет.
Эки түстүү, 1×1,5 метрден 3×4 метрге чейин. Буйрутма менен 3–6 жума.
Боёлгон жүн кийизге басылат. Жумшак жана жеңил, дубалга илүүгө да ылайыктуу.
Тапочка, сумка, чай алдына төшөлчү. Белекке ылайыктуу, даяр турат.
Ар ишемби саат 11:00дө. Эки саатта өз колуңуз менен кичинекей кийиз буюм жасайсыз. Жүн, курал жана чай биздин эсептен. Топто сегиз кишиге чейин.